Москвада Кыргызстандын аймагында биолаборатория куруу маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Москвада өткөн жыйында Кыргызстанда BSL3 биологиялык лабораториясын куруу маселеси көтөрүлүп, Кыргызстан ага каршы экенин билдиргенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде Москва шаарында өткөн кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отурумунда саламаттык сактоо тармагындагы мамилелер да талкууланды.

Кыргызстандын аймагында биологиялык лаборатория куруу долбоору боюнча маселе да көтөрүлүп, Кыргызстан ага каршы экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 2008-жылы Кыргызстан менен Канада биологиялык коргоо жана коопсуздук боюнча лаборатория куруу тууралуу келишимге кол койгон. Эгер ал ишке ашса, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында курулмак. Бирок бир катар бейөкмөт уюмдар жана жарандар бул демилгеге каршы чыгып, жыйынтыгында инвесторлор андан баш тартышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты