Парламентаризм сабактары 

Парламентаризм сабактары Бүгүн, 4-июнда, Кыргызстанда парламентаризм күнү белгиленүүдө.  Бул Жогорку Кеңештин 2015-жылы кабыл алынган токтому менен бекитилген. 

Жогорку Кеӊеш менен Улуттук университеттин биргелешкен демилгеси менен бүгүн, 4-июнда, “Парламентаризм сабактары: калыптанышы, өнүгүүсү, келечеги” темасында тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага депутат Айнуру Алтыбаева баштаган Жогорку Кеӊештин кызматкерлери, илимий чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Жогорку Кеӊештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, Парламентаризм күнү үч жылдан бери кеӊери коомчулуктун катышуусу менен белгиленүүдө.

«Парламентаризм күнүнүн белгилениши бекеринен эмес. 2010-жылдагы элдик революциянын натыйжасында КР Конституциясынын жаӊы редакциясы кабыл алынып, Кыргызстан Борбордук Азияда алгачкылардан болуп парламенттик демократия жолуна түшкөн өлкө болуп калды. Ошондон тарта кыргыз парламенти өлкөдөгү бардык саясий реформалардын көч башында туруп келет» деди ал.

Ал эми юридика илимдеринин доктору, КУУнун Конституциялык жана административдик укуктар кафедрасынын башчысы Эдилбек Молдоевдин пикиринде, парламентаризмдин калыптанышы көпчүлүк өлкөлөрдүн саясий жана укуктук жактан өнүгүшүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп саналат.

«Парламентаризм – өтө татаал жана көп кырдуу коомдук-саясий, укуктук, тарыхый кубулуш. Анын өнүгүү жолу кыйла узак мезгилди, ал тургай, кылымдарды камтыйт» деп, профессор эӊ жаш деген кыргыз парламентинин өз алдынча бийлик бутагы катары калыптана баштаганына келерки жылы 80 жыл толо турганын мисал тартты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты