Президент Бишкектеги мектептердин тендерсиз салынып жатканына түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкектин жаңы конуштарында курула турган мектептер тууралуу билдирүү таратып, алардын тендерсиз салынып жатканы боюнча түшүндүрмө берди.

Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында 15 мектеп жана бир бала бакча салуу чечимин өзү кабыл алганын жазган.

“Тендер деген балекет 10 жылдан бери иштеп келе жаткан. Ага жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын (ред: квадрат метр) 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акча желип кеткен. Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен. Ошол себептен мэрди дагы чогулушка катыштырып, 650 доллардан ашпаган баада салып, 15-сентябрда 15 мектеп, бир бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул мектептердин салынышы жеке менин көзөмөлүмдө турат. Иштин сапатын жана жүрүшүн тиешелүү мекемелер, адистер көзөмөлдөп турат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекет башчысы бул мектептердин курулушу үчүн 1,5 млрд сом бөлүнгөнүн билдирген. Бирок мектептерди кайсы компания курарын жазган эмес.

Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектептерди курууга мэрия “Экспресс-Строй KG” компаниясын тандаганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз “Экспресс-Строй KG” деген компания курганы жатканын жазган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты