УКМК: 62 гектар жер мамлекетке кайтарылып, 82 миллион сом зыяндын орду толтурулду

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Бишкек машина куруучу заводу” ишканасына таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, 82 миллион сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратура органдарынын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Бишкектеги машина куруучу заводу” ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн кылмыш иштин алкагында Башкы прокуратуранын кызматкери, ишкананын кызматкери жана эки жаран кармалды.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты