Кыргызстан дүйнөдөгү автожолдору начар өлкөлөрдүн катарына кирди, бирок оңолуу жолунда  

Кыргызстан дүйнөдөгү автожолдору начар өлкөлөрдүн катарына кирди, бирок оңолуу жолунда  Эксперттер дүйнөдөгү автожолдору начар өлкөлөрдүн тизмесин түздү. Бул тизме 2017-2018-жылдардагы Атаандаштыктын глобалдык индексинин эсептөөсү менен түзүлдү.

Рейтингге дүйнөнүн 137 өлкөсү кирди. Жолдордун сапаты 1 ден 7 ге чейинки көрсөткүч менен белгиленген. Жогорку 7 баллды дүйнөнүн бир да өлкөсү ала алган жок.

Автожолдору жакшы өлкөлөр: Бириккен Араб Эмираттары (6,4 балл), Сингапур- (6,3), Швейцария (6,3 балл) алды.

Андан кийинки орундарда: Гонконг (6,2 балл), Нидерланды (6,1 ), Япония (6,1), Франция (6,0 ), Португалия (6,0), Австрия (6,0), АКШ (5,7 балл).  Бул тизменин арасында Азербайжан 36, Литва 37, Эстония 38-орунда.

Автожолдору начар өлкөлөр Мавритания (2), Конго (2,1) Гаити (2.1 балл), Мадагаскар жана Гвинея (2,2 балл).  Андан кийин Йемен (2,3), Парагвай (2,4), Украина (2, 4), Молдова (2,5), Мозамбик (2,5 балл).

Россия (2, 9 балл менен) 114-орунда.  Кыргызстан (2, 7 балл менен) 122-орунда. Бирок эксперттер Кыргызстандын жолдору оңолуп бара жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты