Узра Зея: АКШ Кыргызстан менен кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даяр

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Эдил Байсалов Кыргызстан адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын, өлкө жетекчилиги болсо АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин айтты.

Узра Зея өз кезегинде АКШ Кыргызстан менен кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин билдирди.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу жаңы келишимге байланыштуу техникалык сүйлөшүүлөр 2021-жылы соңуна чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты