АКШ Орусия менен алакасын сактап калган өлкөлөр дүйнөлүк экономикадан обочолонуп каларын эскертти

  • 2 года мурун

АКШнын финансы министри Жанет Йеллен 13-апрелде Вашингтондо өткөн брифинг учурунда Орусия менен алакасын сактап калган өлкөлөр дүйнөлүк экономикадан обочолонуп калуу тобокелчилиги бар экенин билдирди. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.

Йеллен бул Украинадагы согуш боюнча бейтарап позицияны карманып жаткан өлкөлөр үчүн белги болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан тышкары ал Орусиянын өнөктөшү деп эсептелген Кытайды бул өлкөгө олуттуу жардам көрсөтпөөгө жана санкцияларды жеңилдетүү үчүн чараларды колдонбоого үндөгөнүн кошумчалады.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең миңдеген адамдар каза тапты, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты