Бурулайдын өлүмү боюнча ишти министр өз көзөмөлүнө алды

Бурулайдын өлүмү боюнча ишти министр өз көзөмөлүнө алдыЧүйдүн Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иликтөөнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди:

— Милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо боюнча кызматтык иликтөө жана ишти акыйкат тергөөнү министр өз көзөмөлүнө алып, тапшырмаларды берди. Бүгүн-эртең кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын менен ошол окуяга шалаакы мамиле кылган кызматкерлер тартип жазасына тартылат.

27-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы кызды ала качып бараткан киши кармалып, экөө милиция бөлүмүнө алып келинген. Шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү («Өз ишине шалаакы мамиле») менен кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облустук башкармалыгы жүргүзүүдө.

Буга чейин кызды өлтүргөн адам ооруканада экени кабарланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты