УКМК: Коргоо министрлигинин эки аскер кызматкери баңгизат сатууга айыпталып кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-апрелде Коргоо министрлигинин эки аскер кызматкери баңгизат сатууга айыпталып кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматта аскер кызматкерлери Бишкек шаарындагы жарандарга «гашиш» баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал түзүп алганы айтылат.

Шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголуп, Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты