Жүрөктүн үшүн алган жер көчкү. Бул кырсыктан кантип сактанууга болот?
- 7 лет мурун
- Блог
Жер көчкүнүн кесепетинен жер астында калган 24 адамга жаназа окулду. Бирок айрым жакынын жоготкондордун талабы менен издөө иштери дагы деле улантылууда. Жалпысынан жер астында калган 24 адамдын сегизинин сөөгүн таап чыгышкан. Жаназа окууга биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, райондордун акимдери, жергиликтүү айыл тургундары катышты. Муфтият минтип жаназа окуу динге каршы келбестигин билдирди.
«Дин аалымдары «жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап, анын алдында калган сөөктү чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот. Дене кайсыл жерде калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот» деген далилдердин негизинде фатва чыгарышты. Аны Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышты», — деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы издөө иштерин токтотуу тууралуу расмий буйрук жок экенин билдирди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсү боюнча көчкү алдында калгандардын жакындарынын талабы менен издөө иштери улантылууда.
Аюу айылындагы кырсык боюнча эмнелер белгилүү
Аюу айылында 29-апрелде таңкы саат жети чамасында жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калганы жана алар мерт кеткени маалым болгон. Буга байланыштуу 30-апрель өлкөдө Аза күтүү күнү деп жарыяланган. Көчкүдө калган 24 адамдын тогузу жаш балдар эле.
Бир үйдөн жалгыз тирүү калган Артыкбай Камчиев үй-бүлөсүндөгү 6 адамдан ажырады. Жубайы Рахима, 4 жаштагы небереси Хилола, 2003-жылы туулган уулу Ориф, 29 жаштагы уулу Фаруг, келини Хамдона жана бир жаштагы небереси Ситора көчкү астында калган.
Азырынча 8 адамдын сөөгү табылды. 30-апрелде ошол эле аймактагы Жалпак-Таш айылында көчкү жүрүп, 20 үйдү басып калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматы:
Кыргызстан боюнча 17 912 адамды көчүрүү керек. Алардын арасынан 11 317 адам жер участогун алып көчүп кетишкен. 3 813 адам мамлекеттен жардам ала элек жана көчүрүлө элек. 2 782 адам мамлекеттен жардам алып, бирок кооптуу аймакта жашоону улантып жатат. Жер участоктору ошол эле аймактардан, бирок коопсуз жерлерден берилип жатат, бирок айрымдар баш тартышууда.
Кырсык болгон аймактарда
Өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жер көчкү жүргөн аймактарды кыдырып жүрөт. Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жер көчкү жүргөн аймактарга барып кабар алды. ЖК депутаты “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кийинки убактарда кырсыкка учурагандар боюнча кимдир-бирөөлөр жоопкерчиликти алыш керек деп билдирди.
“4 айдын ичинде авиакырсыктан 39 адам, Өзгөндөгү жер көчкүдөн 24 адам, автокырсыктан 3 айда 150 адам кайтыш болду. Бул өлкө үчүн трагедия. ӨКМ мыйзамда жазылып тургандай калкты үйрөтүү, окутуу боюнча иш алып барган жок” деди Бакыт Төрөбаев.
Сакыев Даурбек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы:
“2003-жылы эле көчүү керек деген корутунду бергенбиз”
—Биздин өлкөдөгү жер көчкү кырсыгы боюнча жыл сайын мониторинг жүргүзүп келебиз. Анда бир жер көчкүнүн динамикасын, жылышын, кандай коркунуч туудурушу мүмкүн экенин аныктайбыз. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ар жылы божомолдоо-прогноз китебин чыгарабыз. Бул китеп мамлекет башчысынан тартып, жергиликтүү бийликтегилерге чейин берилет. Ал эми кооптуу жерлерге барып, жергиликтүү бийликтегилерге эскертүү беребиз. Кооптуу жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертме берилет. 1997-жылдан баштап кооптуу жерлер изилденип келе жатат.
Жакында эле жер көчкү жүрүп, кайгылуу окуя, 24 адамдын өлүмүнө алып келген Өзгөн районунун Аюу айылы боюнча 2003-жылы эле корутунду берилген. Ал эми ушул жылдын 5-апрелинде эле биздин адистер барып, ал жакта элди башка жакка көчүрүү боюнча корутунду жазып келишкен. Бирок биз анда жашаган жашоочуларды күчкө салып, көчүрүп чыгарып кете турган укугубуз жок. Бул — адам укугун бузуу болуп калат.
Негизинен жер көчкү коркунучунун 99 пайызы түштүк жергесинде болот. Жалал-Абадда Зергер бассейни, Өзгөн, Алай райондорунда, Гүлчө, Будалык айыл аймагында кооптуу.
Ал эми сел жүрүү коркунучу өлкөнүн бардык аймагында бар.
— Жер көчкүнүн себеби жамгыр болду да ээ?
— 2016-жылдын октябрь айынан 2017-жылдын январында жаан-чачындын көп жылдык орточо нормадан көп жаашы негизги себеп, ошондон улам нымдуулуктун көбөйүшү болуп эсептелет. Былтыр кар калың түшүп, бирок суук болуп, тоңуп калбай, жантаймаларга кар эрип, сиңип, жер көчкүнүн активдешине алып келген. Дагы бир себеби — бул техникалык активдүүлүк. Алсак, жер титиреши. 2016-жылы майда-чоң, сезилген жана сезилбеген 13 миң 76 жер титирөө катталган. Андан тышкары, адамдардын чарбачыл иш-аракеттери да роль ойнойт. Чукул жерлер, жантаймаларга жашашы, ар кыл иш-аракеттери, жер айдоо, сугат ж.б. адамдын кесепети да бар.
Жер көчкүдөн кантип сактануу керек?
1. Жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон маалыматты алдын-ала билип алуу маанилүү. Жер көчкү жүрөөр алдында эшик, терезе бекилип калышы ыктымал.
2. Жер көчкү жүрөт деген белги байкалса, тезинен электр жана газ приборлорун, суу түйүнүн өчүрүү керек. Эгер жер көчкү жай келе жаткан болсо документтерди, кийимдерди, азык-түлүк ала чыгууга болот.
3. Тезинен коопсуз жайга чыгыш керек.
4. Мүмкүн болушунча элге, куткаруучуларга жардам бергенге аракет кылыңыз.
Даярдаган Айжан Айтышева
Сүрөттөр turmush.kg сайтынан алынды.