Октябрь окуялары: Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген жок

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Бирок отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко алынып келинген.

Соттук отурум президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана УКМК мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин катышуусунда өтүп жатат.

Атамбаевдин отурумга келбегенинин себеби азырынча белгисиз.

Буга чейинки сот жараянында мурдагы президент отурумга катышпай турганын билдирип, айнек тосмону тепкилеген. Судья тартипти бузганы үчүн айыпталуучуну сот залынан чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты