Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектемек болду

Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектемек болдуКазакстандын жогорку палатасы – Сенат 31-майда президент Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам долбоору буга чейин Мажилисте да колдоо тапкан. “Казакстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзам долбооруна ылайык, Коопсуздук кеңеши эми кеңеш берүүчү органдан конституциялык мекемеге айланат.

Ошондой эле Казакстандын туңгуч жана азырынча жалгыз президенти Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берилүүдө. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жаңы конституциялык мекеме улуттук коопсуздукту жана коргонууну гана камсыз кылбастан, “ички саясий туруктуулукту сактайт, конституциялык түзүлүштү жана эл аралык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт” деп жазылган.

Мыйзам долбоору эми президент Назарбаевдин кол коюусуна жиберилет.

Буга чейин Казакстанда Коопсуздук кеңеши боюнча өзүнчө мыйзам болгон эмес. Ал президенттин 1999-жылы чыккан жарлыгынын негизинде гана иштеп келе жатат.

“Казакстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзам долбоорун көп адамдар 77 жаштагы Назарбаевдин президенттиктен кеткенден кийин да бийликтеги таасирин сактап калуу аракети катары баалашууда.

«Президент бийликти өткөрүп берүүгө камынып жатат» деген талкуулар жүрүп жаткан учурда, быйыл 5-мартта Назарбаев «эл эртеңки күнгө ишенимдүү карашы үчүн дагы иштей бере турганын» жарыялаган.

Назарбаев Казакстанды 30 жылдан бери башкарууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты