Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал боюнча Жазык кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Басылма бул маалыматты Башкы прокуратура ырастаганын билдирди.

Ага ылайык, ишти Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жана милиция кызматкерлеринен турган ведомство аралык тергөө тобу иликтейт.

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган. Эки тараптын делегациясы Тажикстандын «Овчи-Калача» көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта — Лейлек районундагы Селкана тилкесинде да жолугуп, тараптар ушундай эле келишимге келишкен.

Курал колдонулган жаңжалда Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына Тажикстан тараптын бир канча снаряды түшкөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.

Тажик тараптан бир жоокер каза тапканы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты