9-майда Бишкекте аскердик парад болбойт

  • 2 года мурун

Быйыл Бишкектин Ала-Тоо аянтында 9-май Жеңиш күнүнө карата аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеңиш күнүндө аянтта митинг-реквием өтөт жана «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулат.

Кыргызстанда былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы дагы 9-майда аскердик парад уюштурулган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты