Кытай 3,4 гектар жердин ижара акысын төлөбөй турган болду

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги. Архивдик сүрөт Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги турган 3,371 гектар жерди ижарадан бошотууга макул болушту. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев  билдирди.

Анын айтымында, бүгүн депутаттардын 24ү макулдугун берген. Ал ошондой эле кечээ, 30-майда келген дипсервистен адиси кичине туура эмес маалымат бергенин кошумчалады.

«Адис тааныштырган документте бекер (безвозмездно) деген сөз кетип калган. Аны уккандан кийин депутаттардын көбүндө «жерди Кытайга өмүр бою берет экенбиз» деген ой кеткен. Бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзү келип, баарын түшүндүрүп берди. Кытай тарап бизге Пекинден 25 сотых жер берип, үч кабаттуу элчиликтин имаратын жана алты кабаттуу турак-жай куруп берет. Долбоордун жалпы суммасы 9 миллион долларга чамалап барат экен», — деди ал.

Музуралиев Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги турган жер 2003-жылы эле 49 жылга ижарага берилип, алар жылына 700 миң сомдон төлөп келгенин белгиледи. Депутаттын айтымында, Кыргызстан Кытайдагы элчилиги турган жер үчүн мындан да көп каражат төлөп келген.

«Эми эки тарап тең бири-бирине ижара төлөбөгүдөй келишим түзүлөт», — деди ал. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты