Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

  • 2 года мурун

Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук администрациясы билдирди.

Ага ылайык, акимчилик ар кандай калайман башаламандыктардын, тополоңдун алдын алуу максатында деген жүйө менен митингдерге тыюу салуу тууралуу райондук сотко кайрылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Чечимге жараша эми 13-апрелден 1-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын, өкмөт үйүнүн, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин алдына нааразылык акцияларга чогулууга болбойт. Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты