Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча соттук отурум Алмазбек Атамбаевсиз өтмөй болду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштери боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Ага айыпталуучу Алмазбек Атамбаевди конвой менен алып келишти. Бирок мурдагы президент отурумга катышпай турганын билдирип, бул жолу да айнек тосмону тепкиледи. Жыйынтыгында ишти карап жаткан судья Мирлан Термечиков Алмазбек Атамбаевди сот залынан чыгарды.

“Бул сот мени кыйнап жатат. Сотту мен жок эле өткөргүлө. Башаламандыкты токтоткула”, — деди Атамбаев.

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Бул кылмыш иши Атамбаев 2016-жылы түркиялык 10 атуулга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деген шек менен козголгон ишке бириктирилген.

Мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча 2019-жылы Ленин райондук соту өкүм чыгарып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айыпка салып, камактан бошоткон.

Ал эми Албек Ибраимовду мектеп курулушундагы коррупцияга жана “Дастан” ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга кесскен. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясында абактан чыгып ошол бойдон издөөдө жүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты