Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөштү

  • 2 года мурун

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

«Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү иштерин улантуу керектигин белгилешти», — деп айтылат Министрлик тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган. Анда Кыргызстандын алты жараны жараат алганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирди. 23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун чачырандысы тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты