Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине жаңы салынган үйдүн ачкычтары тапшырылды

Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине жаңы салынган үйдүн ачкычтары тапшырылды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин Кыргызстандын Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктап, 1992–жылдын 29-майда өлкөнүн аймагында жайгашкан аскердик түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына алынып,  алар улуттук Куралдуу Күчтөрдүн негизин түптөгөнүн белгиледи.

Ал өткөн чейрек кылым аралыгында кыргыз армиясы бир топ кыйынчылыктарды жеӊип өткөнүн айтты.

«Азыркы убакта кыргыз армиясы бир кыйла ийгиликтерге жетти. Азыр учурдун талабына жооп бере турган армиябыз түптөлдү деп айтсак болот, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Армиянын баркы жогорулап, жоокердик милдетин аткарууну каалаган жаштардын саны өсүп жатат. Күжүрмөн аскердик салттар кайрадан калыбына келип, солдаттар менен офицерлерге карата коомдун сый мамилеси күчөдү».

Мамлекет башчы жоокерлердин физикалык даярдыгы жана армиянын техникалык жабдылуусу менен кошо аскер кызматкерлери ыңгайлуу жашоого татыктуу шарттар менен камсыз болуусу зарылдыгын белгиледи. Бүгүн мамлекет бул багытта активдүү саясатты жүргүзүп жатат. Жыл өткөн сайын аскер кызматкерлеринин социалдык шарты жакшырып жатат.

«Бүгүн, жалпысынан алганда 2481 квартиралуу 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 квартиралуу 22 объекттин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн 54 жаңы квартиранын ачкычтары тапшырылат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу иш-чара», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Мамлекет башчысы ден-соолукту чыӊдоого багытталган спорт аянтчасын курууга 300 миӊ сомдук сертификатты белекке тартуулап, жаңы квартираларды карап чыгып, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты