ИИМ: Ысык-Көлдө маңзат өндүрүүчү лаборатория аныкталып, ишине бөгөт коюлду

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдө маңзат өндүрүүчү лаборатория аныкталып, ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунун Т.А. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүп, каннабис тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз колго өндүрүүчү лабораторияны аныкташкан. Лаборатория катары колдонулган кампадан көк түстөгү 100 литрлик желим бочка табылып, анын ичинен 26 килограмм гашиш заты алынган. Ошондой эле кампада баңгизатты жасоочу тор, сугаргыч, чака шаймандары болгон.

Үйдүн ээси Т.А. Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты