Октябрь окуялары: Алмазбек Атамбаев сотко аны алып келбөөнү дагы талап кылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү уланып жатат. Анда айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сот отурумдарына катыша албасын айтып, чыр чыгарды. Аны сот залынан алып кетишип, процесс мурдагы президенттин катышуусуз уланууда.

Атамбаев акыркы жараянда дагы ден-соолугуна байланыштуу катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкилеген. Анда дагы сот залынан чыгарылган.

Бирок мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришкен. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарган.

Буга чейинки соттук жараян учурунда мурдагы президент өзүн жаман сезип, аны «Тез жардам» унаасы алып кеткен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге «Батукаев иши», Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү өңдүү айып коюлган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты