Роза Отунбаева дүйнөнүн таасирдүү 100 инсанынын катарына кирди
- 7 лет мурун
- Баяндар
Apolitical.co деп аталган сайт дүйнөнүн коомдук ишмерлеринин, лидерлеринин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылат. Аталган тизмеге Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун Аялдар программасынын аткаруучу директору Фумзиле Мламбо-Нгкука, Швециянын Тышкы иштер министри Маргот Уалстром жана башкалар кирген.
Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн “Минерва-2015” эл аралык сыйлыгы берилген. Мындан сырткары Отунбаева 2012-жылы Евразия фондунун «Bill Maynes 2012» деген сыйлыгына татыган. 2011-жылы дүйнөнүн ар тарабынан тандалган тогуз аялдын катарында Роза Отунбаевага АКШ Мамдепартаменти уюштурган “Каарман аял” эл аралык сыйлыгы тапшырылган.
Булак: Азаттык