Шайлоо-2022: Кара-Балтада «Ишеним» партиясы алдыга чыкты
- 3 года мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-апрелде Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, шайлоочулардын 35,28% (10926 адам) катышты жана алты партия ат салышты.
БШКнын маалыматына ылайык, “Ишеним” партиясы 23,66% добуш менен алдыга чыкты. Экинчи орунду “Күчтүү коом – сильное общество” партиясы 19,73% добуш менен ээледи. Социал демократтар үчүнчү (16,90%) болду. “Ыйман-Нуру” 14,26%, “Альянс” 13,99%, “Эл аман” партиясы 9,09% добуш топтоду.
Жекшембиде Кара-Балтадан сырткары Жалал-Абад облусундагы Токтогул жана Таш-Көмүр шаардык, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 13 айылдык кеңешинде шайлоо өттү.
Муну бөлүшүү