Ысык-Көл облусунда катуу шамалдан материалдык зыян келтирилди

Ысык-Көл облусунда катуу шамалдан материалдык зыян келтирилдиКечээ, 28-майда, Жети-Өгүздө жана Караколдо катуу шамалдын  кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлдү

Жети-Өгүз районунда 2018-жылдын 28-майда саат 13:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 14 метрге жеткен шамалдын кесепетинен Кызыл-Суу айылында жайгашкан Жети-Өгүз райондук сотунун имаратынын, турак үйлөрдүн чатырын учурган.

Каракол шаарында да турак-жайлардын жана социалдык объектилердин чатырларын шамал учурган. 28-майда саат 14:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал балдар бакчасынын, көп кабаттуу үйлөрдүн, автобаза, дүкөндөрдүн чатырын учуруп түшкөн.  Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты