Садыр Жапаров жерлерди мыйзамсыз ээлеп алууну болтурбоо тууралуу жарлыкка кол койду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 9-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик аппарат тараткан маалыматка ылайык, мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан ишке карабастан өлкө аймагында мыйзам бузуу менен жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди ээлеп алуу, өзүнө бөлүнүп берилген жер участокторун көчөлөрдүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен кеңейтип алуу учурлары катталууда.

Аталган жарлык жогорудагы көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жерди табигый объект катары коргоо, жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынып, тиешелүү органдарга тапшырма берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты