Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова кызматтан кетти
- 6 лет мурун
- Баяндар
Бугүн, 29-майда, Бишкек шаардык кеңештин жыйынында төрага Алмаз Кененбаев вице-мэр Айгүл Рыскулованын кызматынан өз каалоосу менен кеткендигин жарыялады.
Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова кечээ, 28-майда, мэр Албек Ибраимовдун атына кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, өтүнүчү канааттандырылып, буйрук чыгарылган.
Социалдык жана маданий тармакты тейлеген вице-мэр бүгүн шаар Кеңешинде отчет бермек. Вице-мэрдин кызматтан кеткендигине байланыштуу анын отчету берилбей калды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!