Кыргызстан менен Өзбекстан илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахмонов менен жолукту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкуулашты.

«Министр Бейшеналиев алгачкы этапта биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоо үчүн кыргыз-өзбек илимий фондун негиздөөнү, ошондой эле биргелешкен илимий, инновациялык жана стартап долбоорлорду уюштурууну сунуштады жана өзбек тараптын эки өлкөнүн илимий кызматкерлери үчүн конференцияларды, тегерек столдорду жана квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруп, өткөрүү жолу менен тажрыйба алмашуу тууралуу демилгесин колдоого алды», — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Ташкент шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин илим жана техника министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинин алкагында өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты