Караколдо адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Каракол шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан билдиришкендей, 5-апрель күнү саат таңкы 05:00 чамасында Каракол ШИИБнин нөөмөт кызматына шаардагы үйлөрдүн биринен азият улутундагы адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130 (Адам өлтүрүү) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Иликтөө учурунда каза болгон жарандын 54 жаштагы Д.А. аттуу тургун экени жана анын киши колдуу болгону аныкталган.

Милициянын маалыматына ылайык, кылмышка шектүү катары Түп районунун 41 жаштагы тургуну А.А. кармалып, эки айга камакка алынды. Шектүүнүн суракта билдиргенине караганда, каза тапкан жаран менен спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Шектүү Д.А.ны башка ургулуп жиберген. Д.А. алган жаракаттарынын кесепетинен ошол жерден каза болгон.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты