Бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн экс-башчысы кармалды (Кармоо учурундагы видео)

Бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн экс-башчысы кармалды  (Кармоо учурундагы видео)Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Борбордук бажы бөлүмүнүн экс-башчысы А. Н. камакка алынганын 28-майда билдирди.
Борбордук Бажы бөлүмүнүн экс-башчысы Айбашев Нурбек болгону маалым.
25-майда ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде ал убактылуу жайга камакка алынган.
27-майда ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча айып тагылып, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту тарабынан иликтөө иштери бүткүчө камакта болуу чечимин кабыл алган.
Тергөө иштери аныктагандай, Борбордук бажы бөлүмүңүн экс-башчысы Айбашев Нурбек “А.” жоопкерчилиги чектелген коому менен бирдикте Кытайдан келген мыйзамсыз товарды бажыдан өткөрүүгө көмөктөшкөн.
2015-жылдын 20-августунда “А.” ЖЧКсы «U.Q.I.T.C.L.» компаниясы менен Кытайдан бодо малдын терисин, жасалма жана малдын накта булгаары иштетүүгө, булгаары бут кийим, кийим-кече жана башка товарлар боюнча келишим түзгөн.
Н. Айбашевдин жардамы менен бажы иштерин уюштуруу башкармалыгы, бажы төлөмдөрү башкармалыгы жана мамлекеттик Бажы кызматынын укук башкармалыгы менен Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 253-беренесинин 2-пункту, 2-бөлүгү менен, 255-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Бажылык жөнгө салуу мыйзамынын 110-беренесинин 2-пунктун бузуп, негизсиз жана туура эмес жолдор менен товарды аныктаган, “А.” ЖЧКсына берилген уруксаттын негизинде, фирманын башкы директору Г. Умаровго айтпай туруп, терини бажы аймагынан башка жерде иштетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
“А.“ ЖЧКсы товарды иштетүүнү «U.Q.I.T.C.L. » компаниясына эмес, башка— «S.K.». фирмасына берген.
Бажы кызматынын жооптуу кызматкерлеринин, Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Айбашев Нурбектин мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке түшпөй калган бажы төлөмдөрүнөн материалдык чыгым 166 млн сомду түзгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты