Бишкекте Украина элчилигинин алдында Бучада курман болгондор эскерилди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-апрелде Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында жарандык активисттер көңүл айтуу акциясын өткөрүштү. Катышуучулар Орусиянын кол салуусунан курман болгон украиналыктарды эскерип, элчиликтин алдына гүл коюшту.

Чогулгандарга Украинанын Кыргызстанданы элчиси Валерий Жовтенко чыгып, ыраазычылыгын билдирди.

Өткөн жуманын соңунда орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турган Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болгону кабарланган. Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болгон. Мындан улам украин тарап Орусияны адамзатка каршы кылмыш кылууга айыптаган. Буга байланыштуу батыш өлкөлөрү Кремлге каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү пландап жатышат.

Ишембиде Буча шаарына кирген Reuters менен AFP агенттигинин кабарчылары да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташкан.

Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги жайкын тургундар өлтүрүлгөнү тууралуу айыптоолорду четке кагып, бардык сүрөттөр менен видеолор чагым экенин жана аларды Киев режими «батыш ЖМКлары үчүн атайын жасаганын» билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты