Тарых  музейинде текшерүү башталды 

Тарых  музейинде текшерүү башталды 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы  Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражатты ысыраптуу жана максатсыз пайдалануу боюнча текшерүүнү  баштаганын УКМКнын басма сөз кызматы 28-майда билдирди.  

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, буга чейин, 25-майда, “Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйынында Мамлекеттик тарых музейин реконструкциясынын жүрүшү тууралуу маселе каралган.

Депутаттар Тарых музейинин ремонттон кийинки абалын жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге көрүп чыгышкан.

Тарых музейинин реконструкциялоонун жүрүшү боюнча КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урмат Көкөчаров маалымат беришкен.

Маалыматка ылайык, тарых музейин 2 этапта (1-этап имараттын сыртын, 2-этап имараттын ичин) ремонттоо боюнча 2016-жылы Түркиянын ТИКА уюму менен келишимге кол коюлган.

Ал эми Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаковдун айтымында, ремонт иштерине республикалык бюджеттин капиталдык салымдар боюнча беренесинен жалпысы 1,5 млрд сом бөлүнгөн.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урмат Көкөчаров болсо бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери бүткөндүгүн маалымдады. Мындан сырткары, музейге Германия компаниясы алып келе турган жабдуулардын 5% келе электиги айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев келишимдин негизинде музейге гранттык каражатты жумшоодон баш тартып, республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү чечимине ким кол койгондугун тактоо керектигин билдирди.

Депутат Бахадыр Сулейманов куруу, сатып алуу иштеринде тендер өткөрүлбөгөндүгүнө одоно мыйзам бузуу катары баа берди.

“Ремонт жүргүзүү иштерине эч кандай долбоор жок болсо, мындай олчойгон суммалар кайдан чыккан?”, — дейт депутат Сайдулла Нышанов.

Мындан сырткары,  берилген документтерде, андагы каржыга байланыштуу маселелерде баш-аламандык орун алгандыгы сынга алынды.

Музейди реконструкциялоодо консультативдик-дизайндык иштерге эле 400 миң еврого чукул каражат, жалпы эмеректерге 9 млн евро каражат жумшалгандыгы белгилүү болду.

Фракция мүчөлөрү музейге ремонт зарылдыгын, бирок 5 жылдыздуу отелдердин эмеректеринин баасындай мындай эмеректерди сатып алуунун зарылдыгы бар беле деген сыяктуу суроолорду кабыргасынан коюшту.

Жыйынтыгында жыйында айтылган фактыларды иликтөө үчүн КР Башкы прокуратурасына, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына бир катар тапшырмаларды берүү боюнча чечим кабыл алынган. Ага бир айлык мөөнөт белгиленген эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты