БУУнун баш катчысынын орун басары Кыргызстанды Кумтөр боюнча тынчтык келишимин түзүшү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевадагы иш сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын орун басары Амина Мохамед менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Амина Мохамед Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясы менен тынчтык келишимин түзүүсү туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн жасалган кадам экенин белгилеп, кыргызстандыктарды бул ийгилиги менен куттуктады.

Тараптар мындан тышкары БУУнун күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алмашып, кызматташуунун кийинки кадамдарын талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. Бул үчүн Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясындагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты