ЖМК үстүнөн түшкөн арыздарды териштирген комиссия жаңыланды

ЖМК үстүнөн түшкөн арыздарды териштирген комиссия жаңыландыКыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды териштирүү комиссиясынын  курамы журналисттердин республикалык жыйынында, 26-майда, жаңыланып шайланды.

Анда журналисттерден Гүлжан Алтымышбаева, Толкунбек Турдубаев, Жылдыз Бекбаева, Санжар Эралиев, Улукбү Амирова, Элдияр Арыкбаев комиссия мүчөлөгүнүн катарына кирди. Жарандык коом жана медиа уюмдардан — Нургүл Абдукеримова, Динара Ошурахунова, Шамарал Майчиев, Тамара Валиева, Элима Жапарова, Марс Төлөгөнов жана Клара Сооронкулова шайланды.

Аталган комиссия мүчөлөрү үч жылда бир  шайланат. Мурда комиссияны Шамарал Майчиев жетектеген. Азыркы жетекчи комиссия мүчөлөрү арасынан тандалып, шайланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты