Казак ТИМи Ильяс Тулекеевдин Бишкекте кармалышы тууралуу

Казак ТИМи Ильяс Тулекеевдин Бишкекте кармалышы тууралуу

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги KAZ Minerals Bozymchak компаниясынын башчысы, Казакстан жараны Ильяс Тулекеевдин Бишкекте кармалышы боюнча комментарий бергенин Tengrinews.kz. агенттиги кабарлады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын укук коргоочулары тарабынан Ильяс Тулекеев  2018-жылдын 25-майында “Манас” аэропортунан Алматыга учуп кетээрде кармалган.

Казакстан ТИМинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 26-майда Казакстандын консулу менен Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү З. Оморбеков жолугушканда, оперкызматкер Тулекеевдин салыктан качуу иши боюнча кармалганын билдирген.

“Бишкектеги Казакстан элчилиги Кыргызстандын укук коргоо органдары менен аталган ишти объективдүү жана калыс кароо боюнча  тыгыз байланышта иштейт” деп айтылат элчиликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бугүн, 28-майда, «KAZ Minerals Bozymchak» компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев камактан бошотулган.

Аталган компания  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетет.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты