Айзаданын өлүмү: милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши токтотулганы айтылды

  • 2 года мурун

2021-жылы Бишкекте уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында маалымдады.

Башкы прокурор милиция кызматкерлерине карата «Шалаакылык» беренеси менен козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтегенин, учурда иш токтотулганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Айзаданы зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет жасабаган милиция кызматкерлери ошол маалда кызматтан алынып, кийин кайра жумушка орношконун сындады.

Жыйынга катышкан ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев кызматтык териштирүү жүргөнүн билдирди:

«Кызматтык териштирүүнүн негизинде бир канча адам жумуштан бошотулуп, жазаланган. Бир жылдан кийин жаза мөөнөтү бүтсө, кайра кызматка алынган болушу мүмкүн. Мен азыр так айта албайм, эртеңкиге тактап беремин».

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова өлүмүнө бир жыл толду. Айзаданын апасы Назгүл Шакенова чырактай кызын зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет кылбаган милиция кызматкерлерине, ошол маалда кызматтан алынгандар кайра эле айланып келип ар кандай жумуштарда иштеп жатканына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Курманкул Зулушевдин берген маалыматына ылайык, 2021-жылы никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча 560 кылмыш иши катталган. Алардын 80и сотко өтсө, 460ы кыскарып кеткен. 14 иш өндүрүштө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты