Бүгүн—Чек арачылар күнү

Бүгүн—Чек арачылар күнүСооронбай Жээнбеков: “Чек арада кызмат кылуу жооптуу жана татаал милдет”

Бүгүн, 28-майда, Чек арачылардын кесиптик майрамында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков куттуктады. 

“Мамлекеттин чек арасы жана аны көздүн карегиндей кайтаруу—мамлекеттин эгемендигинин эң керектүү элементи” деп айтты куттуктоосунда мамлекет башчы.

“Эгемендик жылдары  Кыргызстандын чек арасы—өзүнө тарыхый ак ниет салтты камтып,  Ата Мекенге болгон аскердик милдет, сүйүү жана парзга негизделген жаңысы менен калыптандырды” деди.

“Чек арада кызмат кылуу—жооптуу жана эң кыйын милдет. Дал ушул жерде мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын жактай билүү, аймактык бүтүндүктү жана жарандарыбызды азыркы ар кандай кооптуу жагдайлардан сактай билүү жөндөмү текшерилет. Чек ара өлкөнүн накта мекенчилдерине чыныгы кайратты берет. Өздөрүнүн өмүрүн мамлекеттик Чек ара менен байланыштырган адамдар эр жүрөктүүлүктүн, өз милдетине берилгендиктин, ак ниет жана айкөлдүктүн мисалы болуп саналат” деп айтылат куттуктоодо.

Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ишкер кызматташтык үчүн ачык болушу керектигин, чек ара байланыштары достук мүнөздө болуп жана эл аралык терроризм, экстремизм, баңги жолдорунан, контрабандадан ишенимдүү корголуп турушу керек экенин белгиледи.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты