«Ихсан» кооперативине карата «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативине карата Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган иш боюнча ИИМдин Тергөө кызматында сотко чейинки өндүрүш башталды.

4-апрелде “Ихсан” турак жай кооперативинин мүчөлөрү ишкананын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар каражат берип, бирок кезеги келгенине карабай турак жай ала албай калганын билдирип, айрымдары “Ихсандан” акчасын кайтарып берүүнү талап кылышкан.

Буга чейин бир нече турак жай кооперативдерине да ушундай эле нааразылыктар айтылып, милицияга арыздангандар болгон. Бишкекте «Белый Дом Кейжи» («Ак үй Кейжи»), Ошто S-LINE турак жай кооперативинин жетекчилери алдамчылыкка шектелип кармалганын милиция кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты