9 миң сомдон көчөт сатып алуу боюнча тергөө жүрүп жатат

9 миң сомдон көчөт сатып алуу боюнча тергөө жүрүп жататМамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети  2018-жылдын 25-апрелинде козголгон “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, 304-беренесинин 2-бөлүгү жана 306-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

2017-жылы 23-октябрда көчөттөрдүн айрым түрлөрүн  9090 сомдон сатып алуу үчүн «Арт Грин» ЖЧК менен келишим түзүлгөн.

Бекитилген бюджеттик пландын негизинде ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 2017-жылга карата май айында 60 000 000 сом каралган. 

2017-жыл аралыгында «Арт Грин» ЖЧК менен жалпы суммасы 18 615 980 сомго барабар 4 келишим түзүлгөн.

Мындан сырткары «АГТ Азия» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 8 948 816 сомдук 2 келишим жана «Зиар Строй» ЖЧК менен  14 481  000 сомдук 6 келишим түзүлгөн.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө.

Тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты