Улуттук коопсуздук комитети  Ысык-Көлдөгү атмайданды куруудагы мыйзам бузууну аныктады

Улуттук коопсуздук комитети  Ысык-Көлдөгү атмайданды куруудагы мыйзам бузууну аныктадыМамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) Коррупцияга каршы кызматы (ККК)  Эсептөө палатасы менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Бостери айыл аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда каражаттарды пайдалануунун максаттуулугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, объектини куруудагы подрядчикти тандоодо «Мамлекеттик сатып алуулар»  жана «Шаар  куруу жана архитектура» боюнча мыйзам ченемдери бузулгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда  подрядчик менен келишим долбоорлоо-сметалык документациясы жана мамлекеттик  экспертизасы жок түзүлгөн. Жыйынтыгында курулушка кетүүчү чыгымдар башында  белгиленген 480 миллион сомдон 1 млрд. 584  млн. сомго чейин көтөрүлүп  кеткен. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн 10 млн. сомдон ашык өлчөмдө  жасалма түрдө жогорулаткан фактысы аныкталды.

Ошол эле мезгилде 144 млн. сом  каражаттын финансылык отчеттуулугу боюнча документациялары жок болуп чыкты.

Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык 31 млн. 398 миң сом коротулган жолго төшөлгөн асфальт нормативдик талаптарга жооп бербейт жана эксплуатациялык мөөнөттөрдүн аягына чейин чыдай албайт.

Мындан сырткары 8 млн. 244 миң сомго темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталды.

Обьектидеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен өткөрүлө турган иштер үчүн 9 млн. 737 миң сом өлчөмүндө каражаттар  мыйзамсыз колдонулган фактысы такталды. 

Учурда тиешелүү текшерүү иш чаралары улантылып жатат жана аудит иштеринин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилет.

Бул тууралуу МУККтун басма сөз кызматы билдирди.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты