Сооронбай Жээнбеков: “Кыргызстан — илим-билимге умтулган жаштардын мамлекети”

Сооронбай Жээнбеков: “Кыргызстан — илим-билимге умтулган жаштардын мамлекети”
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-майда Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
Бүгүнкү күндө республиканын 60 миңге жакын бүтүрүүчүлөрү орто мектепти аяктап жатканын эскертти. № 5 мектеп-гимназиянын тарыхына токтолду. Мамлекет башчы эске салгандай, ушул мектептен белгилүү киноактер Сүймөнкул Чокморов, чыгаан кинорежиссер Төлөмүш Океев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, залкар адабиятчы жана ойчул Салижан Жигитов, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов ж.б. көптөгөн белгилүү инсандар билим алган.
Президент мамлекет билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгиледи. Ырааты менен жаңы мектеп стандарттары киргизилүүдө, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базалары жаңыланып, жаңы мектептер салынууда.
«Билим берүүгө бюджеттен жылына миллиарддаган сомдор жумшалып жатат. Биз келечегибизге инвестиция кылып жатабыз, себеби биздин келечегибиз бүгүн мектеп партасында, студенттик аудиторияларда олтурган жаш кыргызстандыктарга байланыштуу. Биз өлкөбүздүн алыскы аймактарынан келген балдарга татыктуу билим берүүгө умтулуп жатабыз, — деди Президент. — Ар бир айылдан келечекте өлкөнүн керегине жарай турган жөндөмдүү балдар чыгат».
«Кыргызстан — илим-билимге умтулган жаштардын мамлекети! Мекениңерди — Кыргызстанды кадырлагыла. Мамлекеттин келечеги силерсиңер! Турмуш жолу сыдыргыга салгандай түз болбойт. Турмуштун утурумдук кыйынчылыктарына моюн сунбагыла. Көздөгөн максатыңар үчүн тынымсыз, талыкпай күрөшкүлө! Ар дайым алдыга — жакшылыктарды карай, билимге, жаратмандыкка умтулгула. Мезгили келгенде мамлекеттин тагдыры силердин колуңарга өтөт. Ошол жогорку милдетиңерди татыктуу аткарасыңар деп ишенем! Жолуңар ар дайым ачык болуп, чоң турмушка сапарыңар байсалдуу болсун!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине Президент мектепти бүтүрүп жаткан балдары жумшаган баардык мээнет, үмүт-тилектерди актап, тарбиясы жетик, ыймандуу адамдардан болушсун, деп каалады.
Мамлекет башчысы Улуттук гимназиянын директору Муратбек Касымалиевге компьютердик класс үчүн техника алууга сертификат тапшырды.
Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөр менен баарлашып, дагы бир жолу мектептин аякташы менен куттуктап, аларга жакшы каалоо-тилектерин айтты. Кыргыз Республикасынын Президенти бүтүрүүчүлөргө «Манас» эпосун белек катары тапшырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты