ӨКМ: Нөшөрлүү жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн!

ӨКМ: Нөшөрлүү жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн!

28-31-май жана 1-июнь күндөрү Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

28-майда жана 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт.
28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-майда 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
28-майда күндүз жана 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: 28-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 16…21°, тоо этектеринде 14…19°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
29-майда түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо     -5…-10° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
2018-жылдын 28-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жала-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз жана 28-майда 17-22 метрге жетиши күтүлөт
29-майда  күндүз жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
30-майда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
31-майда жана 1-июнда тоо этектерде жана тоолуу райондордо  өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын  температурасы өзгөрүлүп турат.
28-майда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

28-майда Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты