Эргүүдө өткөн элүү жыл

Эргүүдө өткөн элүү жыл30-майда  Кыргыз эл акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философ, прозаик-ессечи, котормочу Асан Жакшылыковдун   “Эргүүдө өткөн 50 жыл” аталышындагы чыгармачылык кечеси өтөт.
Иш -чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кечки саат 18.00  башталат.
Кечеге  Асан Жакшылыковдун  жакын санаалаштары жазуучулар союзунун өкүлдөрү, “Манас эл коому” фонду, Композиторлор союзунун өкүлдөрү келишет.
А. Жакшылыков 1949-жылы 6-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Миң- Булак айылында туулган.
Акындын эмгеги бааланып, бир катар наам-сыйлыктарга ээ болду. 2007-жылы Кыргыз эл акыны, 1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Билим берүүнүн отличниги өндүү сыйлык-наамдарга татыктуу болгон.
Анын алгачкы ырлары республикалык басма сөздө  1963-жылы жарык көргөн. 1966-жылдан баштап “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. “Таңдын ырахаты “ аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1969- жылы жарык көргөн.
А. Жакшылыков “Улуу Шашке” (1977), “Бейпил көктөм” (1979), “Белес” (1981), “Макмал Төр” баштаган ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, “Мээрим” (1987) аттуу ыр түрүндө жазылган романдын автору болуп эсептелет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты