Зилалиевдин соту 4-июнга жылдырылды

Зилалиевдин соту 4-июнга жылдырылдыБүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум өттү. Сурак берүүгө чакырылган күбөлөрдүн көптүгүнөн улам соттук отурум токтоп, 4-июнда саат 15:00дө уланат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева кабарлады.

Мурдагы отурумдун жылдырылышына ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калганы себеп болгон.

Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен («Террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу») кылмыш иши козголгон.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты