Калың жааган кардан улам Ысык-Көлдө, Нарында койлор кырылды

Калың жааган кардан улам Ысык-Көлдө, Нарында койлор кырылдыКалың жааган кардын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда эки короо кой кырылды. Баштапкы маалыматтарга караганда, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жайлоосунда бир чабандын 60 кою жана Ачык-Таш (Чок-Тал жайлоосу эмес) жайлоосунда бир чабандын 50 кою өлгөн. Мындан сырткары,  Сары-Камыш жайлоосунда 112 кой, бир уй өлгөн.

Ал эми Ат-Башынын Аксай жайлоосундагы Үч-Эмчек тилкесинде 200 кой кырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Чырпыкты айылынан Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол жабылып калган. Учурда жолду тазалоого айыл аймагы тарабынан техника тартуу жагы каралууда. Чырпыкты жайлоосунда үч үй-бүлө отурукташкан, алардын болжол менен 1500дөй кою бар. Алардын өздөрүнүн жана мал-жанынын абалы боюнча маалыматтар тактала элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты