“Унаа” мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтиришкени аныкталды

  • 2 года мурун

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан мамлекетке 7,8 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө «Унаа» мекемесинин жооптуу кызматкерлери «Sigma Compact 200» үлгүсүндөгү мобилдик асфальт чыгаруучу заводун кошумча нарк салыгын төлөбөгөнүнө жана бажы тарабынан шарттуу чыгарылганына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөнү аныкталган. Натыйжада мамлекетке 7 млн 803 миң 165,01 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты