Журналисттерге тиш кайраган Акылбек Жапаров

Журналисттерге тиш кайраган Акылбек ЖапаровУшу тапта, Кудай анын бетин ары кылсын, журналисттерге каршы нөшөрлөгөн кара чабуул башталып кетти. Өзүнчө эле журналисттерди жаманатты кылуу кампаниясы жүрүп жатканы кадиксиз. Мына ошо төө бастынын фонунда «Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун парламентте чыгып сүйлөгөн сөзү бөтөнчөлөнүп бөлүнүп турганын баамдабай койбойсуң. Анын парламенттин жыйынындагы айтканы боюнча: «Жалпыга маалымдоо каражаты менен алектенип, ошону менен бизнес кылып, ошол жол менен атак-даңкын чыгарам деген адам киреше-чыгашасын ачык жарыяласын. Ар бир журналист, басылманын ээси бир тыйынга чейин элге отчет бериши керек. Болбосо булар рэкетке айланды. Бир күнү 100 доллар сурап келет, аны берсең, экинчи күнү 500 доллар сурайт, бербесең айлаңды кетирет». «Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап жүрүшөт». Мындан тышкары депутат нускасы миңге жетпеген гезиттердин редакторлору кымбат машине минип, заңгыраган үйдө жашап жатканы алардын ишинде көмүскө бизнес бар экенинен кабар берет деп кошумчалайт.

А.Жапаровдун айтканында бүдүр-бүдүр чындыктын үлүшү канткен күндө да бар. Ырасында эле, айрым кыргыз тилдүү гезиттерде жалаң катын ушак, божомол-дөдөмөл, насыя жерден бирөөнү каралап таштоо кадыресе көрүнүшкө айланып кеткени жалган эместир. Фактыга таянып, ынанымдуу далилдерди алдыга жайып жазгандар чанда кезикчү болду. Бет тырмарлык менен жалаакордук болуп көрбөгөндөй дүркүрөп өскөн учур. Бир саясатчынын «заказын» аткарууну көздөп, анын тиш кайрап жүргөн оппонентин жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урганга же дагы бирөөнү жерге-сууга тийгизбей көкөлөтө мактаганга машташкан шыпты кашка «профессионал-ушактологдор» пайда болгонун тануу кыйын. Кыскасы, кыргыз гезиттеринин ичинен азыркы тапта ушак «ылаңы» жукпаганын табышың кыйындын кыйыны. Буга кыргыз гезиттеринде жарыяланган орчунду деп эсептешкен макалалар топтомдорун орус тилине которуп, кайра басууга адистешип, жалаң ушак-айыңдардын жыйындарын жарыялаганы үчүн «жугунду төккөн чуңкур» деген атка конгон http://www.gezitter.org/ сайтына кирип көрүп оңой ишенсе болор эле.

Журналисттерге төө көтөрбөс күнөө арта салып жаткан кезде депутат А.Жапаров өзүнүн айткан дегендерин конкреттүү фактылар менен, анан калса ынанымдуу далилдер менен бекемдөөгө милдеттүү болчу. Журналисттерди ооздуктоо кажет «болбосо булар рэкетке айланды», «бир күнү 100 доллар сурап келет, аны берсең, экинчи күнү 500 доллар сурайт, бербесең айлаңды кетирет», «өлкөдөгү айрым журналисттер  опузалап акча табууга кынык алган» деп турганда ошол алдым-жуттум «былгытма» жазмакерлердин ар биринин аты-жөнүн, иштеген жерин (редакциясын), колдон келсе кимиси кайсы жерде, качан, канча акча опузалап же өлүмтүгүн артып отуруп өндүрүп алганын алдыга тартып, көзгө сайгандай көргөзүшү лазым болчу. Мындан сырткары «нускасы миңге жетпеген гезиттердин кымбат машине минип, заңгыраган үйдө жашап жаткан редакторлордун» үй-жайын, машинелеринин маркасы менен номерлерин  санап берсе андан бетер сонун болмок. Эл эч тартынып, бир кылчактап да койбой алдым-жуттум журналисттердин чиркөөсүн сыйрып таштаган депутаттын көк жалдыгына таң берип тамшанып, төбөсүнө көтөрүп кетмек. Болбосо депутаттын парламенттеги айткандарынын баки-жогу жонунан жоруптап келип, сомосунан алып туруп, жалпы журналисттер журтун насыя көөлөгөн куру жалаа болуп калаары белгилүү эмеспи. А.Жапаров бул жерде оозун кургак чөп менен сүртүп турганы талашсыз.

А.Жапаровдун парламенттеги сөзү ашык-кеми жок кудум эле өзү көөлөп турган ушакчы журналисттердин ыкмасына негизденгенине көзүң жетпей койбойт. Ошол эле жоромол менен божомолдор, ошол эле катын ушак, ошол эле сезгенип калган фантазиясынын тизгинин бош кое берүү… Кенедей да айырмасы жок. Депутат ушакчы журналисттер менен ушакчы ММК пайдаланган жалаа жабуу, ушак таратуу сыяктанган «чыгармачылык» ыкмаларды чыпчыргасы коротпой түгөлү менен сактаганына көзүӊ жетпей койбойт.“Сынчынын сыӊар өтүгү майрык” болуп калганы канткен күндө да жөрөлгөлүү көрүнүш эместир.
«Мал ээсин тартпаса арам өлөт» демекчи, мандем—гезиттердин жана журналисттердин ушактологго айланыш себеби саясатчылардын өздөрүнө барып такалат. Баарыбызга белгилүү, ар бир бараандуу саясатчынын жеке өзүнүн жана партиясынын кызыкчылыктары үчүн маалыматтык колдоо максаты менен ачып алган гезиттери бар. Алар финансы жагынан ошо ээлик кылган кожоюн тарабынан сугарылып турары жашыруун эместир. Ырасында эле бизге окшогон чакан өлкөдө кыргыз тилиндеги коомдук-саясий, социалдык-экономикалык багыттагы гезиттерди басып чыгаруу жана аларды сатуу пайдалуу бизнес боло албасын баары эле көрүп-билип, көзү жетип турат дечи. Гезиттер бизнес-план катары киреше алуу эмес, саясий дивиденд табуу үчүн керек. Ээлик кылынып алынган гезиттер болсо кожоюндун камчысын чаап берүү максатын көздөп түзүлгөн. Журналисттер кожоюндун айтканын кылып, айдаган жагына басууга милдеттүү. Азыркы кезде көп гезиттер кожоюндун машкеси болуп калды десе деле аша чапкандык болбос эле.
ММКда кийинки кездери жүнүн жеп жайнап кеткен ушактар кайдан чыгып жатат, анын  булактарын кайдан издесе болот? Ушак-айыӊ «заказ» аткарууга келгенде жантыгынан түшкөн, бирөөнү жамандап пайда көрүүгө машташкан коррупцияланган, б.а. нысабын агытып жиберген журналисттер тарабынан эле ойлоп табылып, анан гезит беттерине төгүлүп чыгып жатабы? Асыресе, мындай тыянак чыгаруу бир жактуу болуп калар эле. Ушак-айыӊ кептер, инсинуациялар, божомол-жоромолдордун баштапкы булагы кантсе да саясатчылардын өзүндө. Оболу алар саясатчылар чөйрөсүндө түйүлдүк алып, анан ММКнын беттерине трансформациялап өтөрүү жашыруун деле эместир. Буга парламенттин жыйындарында жүрүп жаткан дебаттардын учурундагы депутаттардын баш терисин баамдап көрүп ишенсе болор эле. Төтөн депутаттар кызыл чеке айтыша кеткенде бири-бирине жалаа жабуу дегениӊ жамгырдай жаайт эмеспи. Аянуу дегениӊ эч болбойт. Жөнөкөй эле бир мисалга кайрылалы. Парламенттеги аксакал депутат деп жүрүшкөн Анвар Артыков жакында Наталья Никитенкону жымкырып алган 1,5 миллион евросу үчүн элдин алдында отчет беришин талап кылып камалап чыкты. «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты кулагын жапырып унчукпай калган жок. Ошо замат каяша кылып чыкты. Катылгандын катыгын берди десе болчудай. Социал-демократтардын өкүлүнүн айткандары «карандай эле калп, атайылап каралоо, деги эле айтылгандардын баары пас адамдын оозунан чыккан сөздөр деп келиштире жооп берди». Айтып отурса мындай мисалдар толтура. «Балп» эттирип, түзүн айтып таштап карап турган мүнөзү бар президент Алмазбек Атамбаев: «Күн өткөн сайын парламент мыйзам чыгаруунун ордуна ушак чыгарган, ушак тараткан органга айланып баратат», аны таратып жиберүү артыкбаш болбос эле” деп бекеринен айткан эместир.
Башкаруунун парламенттик формасына баш ийген өлкөнүн чыгаан саясатчылардын уюгу делинген ЖКда учурма ушак, айыӊ кептер, чагым жасоо шакардай кайнап турса, анда республиканын прессасынын чоо-жайы кандай экени өзүнөн өзү түшүнүктүү болор. Сыныктан башкасынын баары жугуштуу деп бекер жеринен айтылбастыр. Прессанын, айрыкча кыргыз тилдүү гезиттердин деӊгээли өтө төмөн экенин моюнга алууга туура келет. Журналисттердин профессионалдык камылгасы начар. Сапаттуу журналистиканын карааны сейректей баштаганын байкоо кыйын эместир. Анткен менен жалаӊ гана жоромол-дөдөмөлгө негизденип ушак чыгарган, ушак жазып тараткандардын өзүнчө эле гильдиясы пайда болгонун көрүүгө болот. Журналистмин деп каадалангандардын көбү ушак чүргөгөндөн тышкары сабаттуу сүйлөм токуп, «нормалдуу» макала жазганга жарамсыз. Чала сабаттуулар четтен чыгат. Мындай «журналисттер» менен манипуляция кылып, чакмак таш кылып ойноо саясатчылар үчүн текейден арзан экени айтпаса да түшүнүктүү. Ошентип гезит беттерин ушак менен чагым жасоо мелт-калт болуп толгону бекеринен болгон жок.

Непадам, депутат А.Жапаровдун парламентте журналисттер журтун жер-жеберине жеткире жекирип, кыйрата сындаганын, «рэкет» жана алдым-жуттум менен айыптап келип, киреше-чыгашасын чака тыйынына чейин эл алдында ачык жарыялашын талап кылып омуроолоп жатканын жашыруун сыры деле жок. Журналисттерге тиш кайрап калышынын анын ич күптүүлүгүнө байланышкан чоо-жайы бар. Кыйла жылдан бери А.Жапаров журналисттердин тыкыр көзөмөлүндө жүргөнү, ар дайымдан бир дайым шылдыӊ-шыкактын бутасына айланып келатканы белгилүү. Башкасын айтпаганда койлорго паспорт таратып берүү демилгеси чоӊ күлкүгө айланганы эсибизде тургандыр. ХИПИК маселесин айтып отуруунун кажети деле жоктур. Айрыкча, К.Бакиевдин тушунда ГЭСтин жаӊы курулушуна аттап-тондоп делегациянын башчысы кылып жиберилгендеги отчетундагы окуя эмдигиче элдин эсинде тургандыр. Видеобайланышта турган А.Жапаровдун «Ваше превосходительство. Улуу урматтуу Курманбек Салиевич, жардыруу болду» деп жибергени кабар күтүп жыйында отургандарды эле эмес, элдин боорун тырмап жыгылып калышына алып келген. Муну күтпөгөн К.Бакиевдин өзү далайга дейре болкулдап күлгөн болчу. А.Жапаровдун бул сөзү —монархтардын дарегине да айтылбаган кошоматтын туу чокусу, кыргыздагы жасакерликтин апогейи болгон эле. Азыркыга чейин Ютубда өчпөй сакталып турган ошол окуяны эстегендер «бырс» этип күлбөй койбойт. Булардын баары ММКнын көз жаздымында калбаганы түшүнүктүү. Кезегинде гезиттердин беттеринде ошол сценка боюнча шылдыӊ-шыкак мелт-калт толуп чыккан болчу.
Мындан сырткары А. Жапаровдун коррупциялык иштери боюнча узун шлейф жатат. Атап айтканда «А.Жапаров мамлекеттик кызматтарда иштеп келди, азыр көрсөк мейманканасы менен көп кабаттуу үй тургузуп таштаптыр» деген депутат И.Карамушкинанын билдирүүсүнөн соӊ прессада кеӊири талкуу болгону эсибиздедир. Мынча акчаны кайдан тапты деген суроо капталынан туруп калганы белгилүү. (А.Жапаров тургузуп алган көз мелжиткен көп кабаттуу үй шаардын чок борборунда жайгашкан, «Дамас» деп аталат). Парламентте А.Жапаров капысынан мантып кеткен журналисттердин киреше-чыгашасын элге жарыялашын талап кылып чыккандан көп узаган жок, анын өзүнүн киреше-чыгашасы боюнча берген отчетторунда көптөгөн мандемдер бар экени ачык болду. Маселен, 2015-жылдагы толтурган декларациясында орчундуу алешимдиктер бар экенин 24.kg маалымат порталы тиркемеси менен жарыялап чыкты. Атап айтканда жубайынын менчик фирмасы жөнүндөгү маалыматтар көмүскөдө калтырылып, жаап-жашырылып ташталганы айтылат. Неси болсо да бул жерде А.Жапаровдун “өз башындагы төөнү көрбөй журналисттердин башындагы чөптү көрө коюп” жатканы кадиксиз. Ушак таратып, жалаа жабуунун да чеги болгону дурус.

Үсөн Касыбеков

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты