Түркия менен алака күчөтүлөт

Түркия менен алака күчөтүлөт

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Анкарада Түркиянын Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Анда эки тараптуу маданий карым-катнашты күчөтүү жана туризм жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Боордош эки элдин бири-бирин терең таанытуу максатында маданий жумалыктарды өткөрүү макулдашылды. Атап айтканда, маданий жана элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү менен концерттери эки өлкөдө кезектешип өткөрүлмөй болду.

Ошондой эле КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий  сапарынын алкагында  Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда макулдашууга ылайык, жалпыга маалымдоо жаатында кызматташуунун жолдору аныкталды. Атап айтканда, эки өлкөнүн журналисттери бири-бирине каттап, тарыхый, маданий жана туристтик жайлар тууралуу материалдарды даярдап келип, өз өлкөлөрүндө кеңири чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Эки өлкө министрлери туризм жаатында кызматташуу боюнча сүйлөштү. Мисалы, туризм жаңыдан өнүгүп жаткан Кыргызстандан бул чөйрөдө эмгектенген адамдарды жана студеттерди Түркияга алып келип  окуталы, ага жарыша туризм кеңири өнүккөн Түркиянын адистерин Кыргызстанга жөнөтүп, жеринен окутуп үйрөтөлү деген чечимге келишти.

Мындан тышкары Кыргызстандын Улуттук китепканасында Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк достук залын жасалгалап берүүгө Түркия тарап убада берди.
Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты