Адвокат Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан бошотулду

  • 2 года мурун

Юрист Нурбек Токтакунов Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан бүгүн, 30-мартта саат 8:30да чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Ал шаардык соттун Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу өкүмүнө каршы Жогорку сотко арызданууга болбой турганын айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылышарын маалымдады.

«Нурбек Токтакунов беш сутка маалымат мейкиндигинен обочолонуп жатты. Тилекке каршы, шаардык соттун чечими Жогорку Сотко даттанууга жатпайт экен. Бирок биз БУУнун адам укугу боюнча комитети аркылуу акыйкаттык издейбиз», — деди Бакытбек Автандил уулу.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыккан жана аларды милиция кармап кеткен. Сот аларга үч миң сомдон айып пул салган.

Сотто аларга жактоочу болгон Нурбек Токтакуновду Биринчи май райондук соту 24-мартта судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган жана 25-мартта камакка алынган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты