Жогорку сот судьялыгына эки талапкер жактырылды

Жогорку сот судьялыгына эки талапкер жактырылды

Бүгүн, 23-майда, Жогорку Кеңеш депутаттары Жогорку Сот судьялыгына 5 талапкерди карады. Добуш берүүдөн кийин талапкерлер Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова  жактырылып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов  тиешелүү добуш ала алышкан жок. 

Жогорку Сот судьялыгын талапкерлердин арасынан кимиси сизге кимиси тааныш көрүндү? Албетте, Ирина Воронцова.

Ал эми буга чейин Сотторду тандоо кеңешинен Жогорку сот судьялыгына талапкерликке ийгиликтүү өткөн судья Кымбат Архарованын талапкерлигин акыркы мөөнөттө алып салышыптыр. Кымбат Аркарова, Бишкек шаарынын Октябрь районунун судьясы, жалаң саясий кылмыш иштеринин сотун алып барат. Саясий кылмыш иштериндеги соттук отурумдарда коомчулукка кеңири белгилүү.  Бул судьянын акыркы  иштерин эле карасак,  Чынара Жакупова,  журналисттер, Нарын Айып, Дина  Маслова ж.б. үстүнөн козголгон кылмыш  иштерин адилет териштирбей, жогору жактардын буйругун кыңк этпей аткарып жатканында мандем бар турбайбы. Ал дагы Жогорку Соттун судьялык ордуна ат салышкандардын бири болгон. Экс президент Алмазбек Атамбаев жогорудагы айыпталуучуларга материалдык доосунан жакында эле баш тарткан.

Воронцова Ирина Николаевна Бишкек шаардык сотунун төрайымы. Соттук стажысы чоң. Бирок… Айрыкча  Воронцова  “Ата Мекен” партиясынан Аида Салянованын соттук иши боюнча жакшы таанымал болуп калды. Салянованын үстүнөн сот жүрүп жатканда сотттолуучунун саламаттыгынын бузулганына карабай, тастыктоо кагазы колунда турса да, дарыгерлерди сотко чейин сүйрөп, Бишкек шаардык соттору имараттын суук экендигине байланыштуу, жумуштарын кыскартса да көгөрүп үшүп, соттоп отургандыгы, Саляновага жыйынтык отурумда акыркы сөз бербей, акыры Саляновага Жогорку Сотто мурунку айып күчүндө калды.

Жогорку Кеңеште талкууланган  Жогорку сот судьялыгына 5 талапкер булар эле:  Кыдык Жунушбаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов.

Булардын арасында жакында, 15-майда, мамлекет жетекчисинин ишениминен кетишине байланыштуу  жумуштан алынган президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн  башчысы  Манас Арабаевдин кадрлары да бар дешти депутаттар. Ал эми Жанар Акаев Жогорку Сот талапкерлердин баарына тескери добуш берүүнү сунуштады.   Акырында эки талапкер Жогорку Сот судьялыгына жактырылды. Алар Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова.

Жаңыл Бейшекеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты