Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган унаага бак кулады

  • 2 года мурун

Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган кичиавтобуска шамалдан улам бак кулады. Бул тууралуу 24.kg басылмасы Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Мээрим Керимкановага шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, депутаттар Ысык-Көлдөн үч күндүк семинардан кайтып келе жатышкан.

«Кырсык Аламүдүн районундагы ГЭС-5 конушунда болду, жабыркагандар жок», — деп билдирген Мээрим Керимканова.

Кыргызгидромет 29-мартта күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору тууралуу шашылыш кабар тараткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.

Фото: иллюстративдик сүрөт

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты